Екатеринбург шаарында өткөн II «Эткер-Мурас» Аймактык интерактивдүү форумдун алкагында тегерек столго катышуу жѳнүндѳ

2106

2021-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Свердлов облусунун Губернаторунун Администрациясы жана облустун Өкмөтүнүн колдоосу менен II «Эткер-Мурас» Аймактык интерактивдүү форумунун алкагында уюштурулган тегерек столго катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө консул Чолпонай Аджиматова Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу, анын ичинен Кыргызстан сыймыктанган туризмдин белгилүү түрлөрү жөнүндө маалымат менен бөлүштү. Башкы консулдук менен «Урал авиалиниалары» авиакомпаниясынын ортосунда Екатеринбург-Тамчы-Екатеринбург маршрутун ачуу боюнча жетишилген макулдашуу белгиленди, анда уралдыктар Ысык-Көл облусундагы тоолордун абасынан, жаратылышынан жана туризмдин жайкы түрлөрүнөн ырахат алууга мүмкүнчүлүк алышкан. Ошону менен бирге өлкөнүн тарыхый кооз жайларын, жаратылышын, маданиятын жана жашоосун чагылдырган видеороликтер көрсөтүлдү.

Форумдун миссиясы – улуттук бренддерди, маданий үлгүлөрдү жана Урал элдеринин баалуулуктарын жайылтуу үчүн интегралдык коммуникативдик мейкиндикти түзүү. Форум Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнүн алдында өттү. Иш-чаранын алкагында гастрономиялык турлардын жана өндүрүмдөрдүн экспозициясы, мастер-класстар, кулинардык мелдештер жана чуваш элинин улуттук кийимдеринин көргөзмөсү уюштурулган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK