Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин региондорунун башчыларынын II Форумуна Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусу жөнүндө

2041

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Кожоев жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы 2021-жылдын 28-29-сентябрында Челябинск шаарында онлайн жана оффлайн форматында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин региондорунун башчыларынын II Форумуна катышуу үчүн Челябинск шаарына иш сапары менен келди.

Форумдун алкагында Мирбек Кожоев менен Челябинск облусунун губернатору Алексей Текслердин эки тараптуу жолугушуусу өттү. Тараптар региондор аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, товарларды жана продукцияларды өз ара жеткирүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле Челябинск облусунун тургундары менен өнөр жай ишканаларынын кызматкерлеринин эс алуусун Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык мекемелеринде уюштурууну талкуулашты. Тараптар Ысык-Көл менен Челябинск облустарынын ортосунда авиакаттамдарды ачууну иштеп-чыгуу боюнча макулдашууга жетишти.

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгүнүн алдында, аймак башчылары М.Кожоев менен А.Текслер 2017-жылдын 19-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын жана Челябинск облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Макулдашуунун алкагындагы иш-чараларды ишке ашыруу боюнча Жол картага кол коюшту.

Кыргызстандын делегациясы «ШКУга мүчө мамлекеттердин региондор аралык кызматташтыгын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу механизмдери» аттуу Пленардык сессиясынын ишине катышып, анда делегация башчылары жана Форумдун коноктору сөз сүйлөштү.

М.Кожоев өз сөзүндө Форум ШКУга мүчө мамлекеттердин аймактарынын жетекчилеринин менен бизнес-структураларынын өкүлдөрүнүн деңгээлинде, региондор аралык мамилелерди өз ара аракеттенүү багытында жаңы байланыштарды түзүү үчүн эффективдүү аянтча болуп калаарын белгиледи.

Ошондой эле, М.Кожоев «ШКУ өлкөлөрүнүн аймактарынын арасында туризмди өнүктүрүү» темасындагы панелдик сессиянын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун туристтик потенциалы жөнүндө сөз сүйлөдү.

Башкы консулдуктун колдоосу менен Кыргызстандын бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн Челябинск облусунун мамлекеттик органдары менен эки тараптуу жолугушуулары өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча соода-экономикалык чөйрөдө эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүүнү улантуу макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK