Башкы консулдуктун кызматкерлеринин жумушчу сапар менен Тюмень шаарына баргандыгы жөнүндө

1836

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери КРнын ТИМ тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш -чаралардын алкагында, алдыдагы боло турган КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча даярдыктар боюнча 2021 -жылдын 15 -октябрынан 17 -октябрына чейин Тюмень шаарында жумушчу сапарда болуп келишти.

Башкы консулдуктун кызматкерлери сапардын алкагында 16-17-октябрында мекендештер менен жолугушуп, Кыргыз Республикасынын жарандарын шайлоочулардын тизмесине киргизүү, консулдук каттоого тургузуу жана биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү, ошондой эле www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталындагы шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн текшерүүнү сунушташты.

Тюмень шаарына болгон иш чаранын жүрүшүндө жарандарды кабыл алуу жүргүзүлүп, төмөнкү консулдук кызматтар көрсөтүлдү:

- консулдук каттоого кабыл алуу жана биометрикалык маалыматтарды чогултуу – 21 жаран;

- жалпы жарандык паспортту жасатууга документтерди кабыл алуу – 15;

- даярдалып келген паспортторду жарандарга тапшыруу – 21;

- ар кандай суроолор боюнча жарандарга кеңеш берүү – 22.

Мындан сырткары, Тюмендеги жаңы түзүлгөн 9018 шайлоо участкасында участкалык шайлоо комиссиясынын кезектеги отуруму болуп, уюштуруу маселелери жана алдыдагы шайлоого даярдыктын жүрүшү жөнүндө,  УШК мүчөлөрүнүн иштөө графиги жана шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери талкууланды.

Маалымат үчүн: КРнын БШКнын чечими менен Тюмень шаарында № 9018 шайлоо участкасы түзүлгөн, дареги: Тюмень шаары, Республика көчөсү, 179 (ДНК "Строитель").

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK