Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

2076

Сиздерди 2021-жылдын 28-ноябрында саат 08:00 дөн 20:00 гө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо үчүн добушуңузду берүүгө тѳмѳнкү шайлоо участкаларына чакырабыз:

- №9009 шайлоо участкасы, Екатеринбург шаары, Щорс көчөсү 54а;

- №9018 шайлоо участкасы, Тюмень шаары, Республика кѳчѳсү 179.

Шайлоого Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунда консулдук каттоодо турган, биометрикалык белгилерин тапшырган жана аймагына жараша тиешелүү участкалардагы шайлоочулардын тизмесине кирген Кыргызстандын жарандары катыша алышат. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карта же чет өлкөлүк паспорт) менен келүү зарыл.

Алдын ала tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу же аталган шайлоо участокторундагы тизмелерден өзүңүздү текшерүүнү сунуштайбыз.

 

 

Участкалык шайлоо комиссиялары

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK