Башкы консулдун Челябинск облусунун губернаторунун атынан онлайн иш-чарага катышуусу жөнүндө

1906

2021-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Челябинск облусунун администрациясы тарабынан Урал федералдык округундагы чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин жетекчилери үчүн онлайн форматында уюштурулган иш-чарага катышты.

Челябинск облусунун губернатору А.Л.Текслер жана Екатеринбург шаарындагы Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү А.В.Харлов чет элдик дипломаттарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттукташты.

Андан ары иш-чараны Челябинск облусунун губернаторунун орун басары Е.В.Ковальчук видео-конференц-байланыш форматында алып барды жана жолугушуунун катышуучуларына облустун өтүп жаткан жылдагы эл аралык ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

Бир катар чет өлкөлүк консулдук мекемелердин жетекчилери куттуктоо сөздөрүн айтышты. Башкы консул Руслан Бийбосунов өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын жана анын аймактарынын Челябинск облусу менен жемиштүү кызматташтыгын, өз ара соода жүгүртүүнүн өсүшүн, түз авиакаттамдардын түзүлүшүн, туризм тармагында кызматташууну активдештирүүнү белгиледи. Ал облус бийлигине кыргыз-орус аймактар аралык мамилелерди өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, онлайн жолугушуунун бардык катышуучуларын келе жаткан 2022-жыл менен жылуу куттуктап, ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK