Екатеринбургда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү белгиленди

1273

2022-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунда иши Мамлекеттик туу күнүнө карата салтанаттуу иш-чара менен башталды. Башкы консулдуктун кызматкерлеринин жана консулдук кызмат алуу үчүн келген Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунда өлкөнүн гимни жаңырды.

Дипломаттар мекендештерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктап, өлкөнүн туусу, герб жана гимн менен бир катарда, мамлекеттүүлүктүн негизги символдорунун бири экендигине көңүл бурушту. Ошону менен бирге жаш муунду мекенчилдик дем менен тарбиялоодо, Кыргызстандын мамлекеттик символдоруна кылдат жана сый-урмат менен мамиле кылуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK