Тюмендеги мекендештер «Сармерден» майрамын өткөрүштү

1176

Тюмень аймактык «Биримдик» коомдук уюмунун демилгеси менен 2022-жылдын 20-мартында Тюмень шаарындагы мекендештер жаз майрамы Ноорузга арналган «Сармерден» өткөрүштү.

Кыз-келиндер менен мырзалардын ортосунда салтка айланган чыгармачылык сынак элдик ыр-бийлер, макал-лакап жана жаӊылмач айтуулар менен коштолду. Кыргыздын улуттук каада-салттары, үрп-адаттары, ошондой эле комуз, кыл кыяк, ооз комуз сыяктуу музыкалык аспаптарда өнөрлөр көрсөтүлдү.

Иш-чаранын коноктору, жөнөкөй көрүүчүлөр, жергиликтүү тургундар чыгармачылык таймашка кызыгуу менен көз салып, кыргыздын улуттук кийимдерине, элдик таланттардын өнөрлөрүнө таасирленип, жагымдуу маанай алышты.

Кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен Тюмень облустук улуттар аралык иштер боюнча Комитетинин өкүлү Алена Гибадулловна Шакирова жылуу куттуктады.

Мекендештердин арасынан бир катар активисттерге КРнын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун атынан ыраазычылык каттар тапшырылды. Майрамдык иш-чаранын активдүү уюштуруучулары жана катышуучулары Тюмень облустук аймактык «Биримдик» коомдук уюмунун грамоталары менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK