Урал федералдык университети тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган иш-чарага Башкы консулдуктун өкүлдөрүнүн катышуусу жөнүндө

1325

2022-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Алмазбек Байбосов жана Жусупакмат Турдумаматов Урал федералдык университетинде (мындан ары УрФУ)  Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган иш-чарага катышышты.

Жолугушуу тегерек стол форматында өтүп, ага УрФУнун эл аралык байланыштар боюнча проректору Сергей Тушин, студенттер жана университеттин кызматкерлери катышты.

Вице-консул иш-чаранын бардык катышуучуларын келе жаткан Жеңиш күнү менен, ал эми кыргызстандык студенттерди Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктады. Башкы консулдуктун өкүлдөрү студенттерге кыргыз эли башка союздук республикалардын өкүлдөрү менен бирге фашизмди жеңүүгө кошкон эбегейсиз салымын, Панфилов дивизиясынын өчпөс эрдигин, фронттогу жана тылдагы кыргыз элинин баатырдыгын жана ошондой эле 1942-жылы курчоодо калган Ленинграддык 150 баланы кабыл алып, тарбиялаган Ысык-Көл районунун Күрмөнтү айылынын кызы Токтогон Алтыбасарова жөнүндө айтып беришти.

Жолугушуунун катышуучулары ар бир үй-бүлөдө Жеңиш күнү менен байланышкан жеке эскерүүлөрү жана тарыхы бар экендигине токтолушуп,  бул майрам ар бир адам үчүн кымбат экендигин белгилешти.

Проректор С.Тушин иш-чарага активдүү катышкандыгы үчүн Башкы консулдукка ыраазычылык билдирип, Кыргыз элинин Улуу Ата-Мекендик Согуш жылдарындагы эрдиктери тууралуу фактыларды жана документтерди табуу боюнча биргелешкен иштердин, жеӊиш тууралуу эскерүүлөрдүн муундан - муунга өтүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK