“Кыргызалтын” ААКсы менен Урал федералдык университетинин ортосунда кадрларды даярдоо жөнүндө келишим түзүлдү

1151

2022-жылдын 5-июлунда «Кыргызиндустрия» ААКнын президенти, «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов жана Урал федералдык университетинин ректору Виктор Кокшаров Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагы үчүн кадрларды даярдоо жөнүндө келишимге кол коюшту.

Жолугушууда тараптар квалификациялуу адистерди даярдоо, илимий-өндүрүштүк кызматташтык, университеттин жетишкендиктерин тоо-кен тармагында колдонуу мүмкүнчүлүгү жана башка темаларда кеңири талкуу жүргүзүштү.

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Р.Бийбосунов «Кыргызалтын» ААКу менен Урал федералдык университетин жогорудагы Келишимге кол коюшу менен куттуктап, илим жана билим берүү, ошондой эле кадрларды даярдоо жаатында кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Үстүбүздөгү жылдын 8-июнунда Екатеринбургда өткөн Кыргызстан жана Россия жогорку окуу жайларынын ректорлорунун Экинчи форумун жогорку деӊгээлде уюштургандыгы үчүн В.Кокшаровго жана университеттин жамаатына ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK