Кыргызстандын делегациясы ИННОПРОМ эл аралык өнөр-жай көргөзмөсүнө катышты

1107

Кыргызстандын делегациясы Россиянын Екатеринбург шаарында өтүп жаткан ИННОПРОМ эл аралык өнөр-жай көргөзмөсүнүн ишине катышты.

2022-жылдын 4-июлунда көргөзмөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы алдында ЕАЭБтин Өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин 4-жыйыны болуп өттү. Д.Амангелдиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын өнөр-жай жана экономикалык потенциалына, энергетикадагы мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл буруп, ошондой эле өлкөдө кремнийдин дүйнөлүк запастарынын 60 пайызга жакыны жана башка көптөгөн сейрек кездешүүчү металлдардын, пайдалуу кендердин бар экенин белгиледи. Жолугушуунун катышуучуларына Кыргызстан Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте артыкчылыктуу долбоорлордун маалымат базасын түзүү үчүн активдүү иш жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди. Ал база бүгүнкү күндө жаңыланып, жалпы суммасы 11 миллиард АКШ долларынан ашык 60ка жакын долбоорду камтыйт. Приоритеттүү тармактарга металлургия, энергетика, машина куруу, кайра иштетүү, тамак-аш жана тоо-кен өнөр жайлары кирет.

ЕАЭБтин Өнөр жай саясаты боюнча кеңеши өз ара кызматташтыктын көп маселелерин талкуулап чыгып, жыйынтыгында отурумундун протоколуна кол коюлду.

Көргөзмөнүн алкагында министр Данияр Амангелдиев Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушуп, өнөр жай тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Ошондой эле, кыргыз делегациясы бир катар россиялык компаниялардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү, ИННОПРОМ көргөзмөсүнүн катышуучуларынын продукциялары менен таанышты. Бул жылы көргөзмөгө 25тен ашык өлкөдөн 500дөн ашык орусиялык жана эл аралык компаниялардын өкүлдөрү катышууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK