Башкы консулдуктун кызматкерлеринин Екатеринбург шаарындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына баруусу тууралуу пресс-релиз

1272

2022-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайында (ЦВСИГ) болушту.

Башкы консулдуктун өкүлдөрү Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрүп, аларды кармоо шарттары менен таанышты, мекенине тезирээк кайтып кетүү үчүн документтерди тариздөө жол-жоболору боюнча консультация беришти. Жарандарга жашап/иштеген жери боюнча расмий миграциялык каттоого турунун маанилүүлүгүн түшүндүрүштү.

Кыргыз жарандарынын борбордун жетекчилигине эч кандай дооматтар жана даттануулар болбогонун айтып, Башкы консулдукка борборго келгендиги үчүн ыраазычылык билдиришти.

Андан тышкары Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борбордун (ЦВСИГ) начальнигинин орун басары Е. В. Ковшов менен жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын жарандарына консулдук-укуктук колдоо көрсөтүү жана мекендештердин мекенге тезирээк кетиши үчүн керектүү документтерди тариздөө боюнча маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK