Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкеринин Урал федералдык университетинин жаңы кампусуна баргандыгы жөнүндө

1087

2022-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун консулу Танирбай уулу Санжарбек Б.Н. Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин жаңы кампусуна барып,  2023-жылдагы оюндар өтүүчү Эл аралык жайкы Студенттер айылындагы курулуп жаткан объектилердин презентациясына катышты.

2023-жылдын  эл аралык жайкы студенттик оюндар өтүүчү шаарчасында курулуп жаткан УрФУнун заманбап кампусунун жана спорт объектилеринин бет ачарына, Екатеринбург шаарынын башчысы Алексей Орлов, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбургдагы өкүлү Александр Харлов, УрФУнун ректору Виктор Кокшаров, ошондой эле Урал федералдык округунда жайгашкан консулдук мекемелердин жетекчилери катышышты.

Дүйнөлүк стандарттагы кампустарды ишке киргизүүнүн биринчи этабы, 2023-жылдагы Эл аралык студенттердин жайкы оюндарынын башталышына пландаштырылууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK