Тюмень шаарындагы ата-энесинин камкордугу жана мыйзамдуу өкүлдөрү жок калган Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жараны мекенге кайтарылды

970

Ата-энесинин камкордугу жана мыйзамдуу өкүлдөрү жок калган Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча консулдук округда жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 2022-жылы туулган жашы жете элек И.М. аттуу Кыргызстандын жараны Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте, 2022-жылдын 21-октябрында мекенге жөнөтүлдү.

Башкы консулдук аталган баланын Тюмень шаарындагы социалдык мекемелердин биринде экендигин аныктап, аны мекенине кайтаруу мүмкүнчүлүгүн макулдашып, уюштуруу маселелерин чечүүгө көмөктөшүп жана жашы жете элек баланын Кыргызстанга кайтып келүүсүнө документтерди даярдап берди.

КРнын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин кызматкери аталган баланы авиакаттам менен Кыргызстанга алып кетти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK