Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Пермь крайына консулдук иш-сапары менен баргандыгы тууралуу

890

2022-жылдын 1-4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери консулдук иш-сапары менен Россия Федерациясынын Пермь крайына барышты.

Сапардын алкагында дипломаттар Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын Пермь крайындагы Башкы башкармалыгынын №12 (Губаха шаары) жана №29 (Пермь шаары) түзөтүү колонияларында жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу өткөрүшүп, ошондой эле аталган мекемелердин жетекчилери менен ой-пикир алмашышты.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Пермь шаарындагы ТИЗО-5ге барышып, кармалып турган Кыргызстандын жаранына азык-түлүк жана керектүү зарыл буюмдарын беришти.

Пермь крайынын “Кыргызстандыктар союзу” коомдук уюмунун кеңсесинде Пермь шаарындагы жашаган мекендештер менен жолугушуу өттү. Вице-консул А.Байбосов мекендештерге консулдук мекеме тарабынан консулдук кызмат көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Консулдук кабыл алуу учурунда Пермь крайында жашаган 50дөн ашык кыргызстандыктарга ар-кандай кызматтар көрсөтүлдү.

Мекендештер консулдук кабыл алуу ишин уюштургандыгы үчүн Башкы консулдука ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK