Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкери Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна барды

797

2022-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкери Россиянын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы башкармалыгынын чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына (мындан ары - ЧӨЖУКЖ) барды.

Башкы консулдуктун кызматкери Кыргызстандын жарандары менен жолугушууларды өткөрүп, алардын кармоо шарттары менен таанышып, мекенине тезирээк кайтып кетүү үчүн документтерди тариздөө жол-жоболору боюнча кеңештерди берди, ошондой эле жашаган жери боюнча өз убагында миграциялык каттого туруп жана эмгек же жарандык келишимдерин расмий тариздөө зарылдыгына көңүл бурду.

Ошондой эле Башкы консулдуктун кызматкери аталган мекеменин жетекчиси менен өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулады.

Маалымат үчүн: Учурда Россия Федерациясынын аймагынан административдик чыгаруу боюнча соттун чечимдеринин күчүнө киришин күтүп, Россиянын ИИМнин Екатеринбург шаары боюнча ЧӨЖУКЖда Кыргыз Республикасынын 15 жараны кармалууда.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK