Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Тюмендик ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү

306

2023-жылдын 27-февралында КР ТИМнин Экономикалык дипломатия департаментинин жана Тюмень шаардык администрациясынын көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу аймактагы бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жыйын гибрид форматында облустук мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана Тюмень облусунун бизнес чөйрөлөрү, Кыргызстандын Евразия экономикалык клубунун, Жеңил өнөр жай ишканаларынын жана ошондой эле Мода жана текстиль ассоциацияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Башкы консулдуктун кызматкерлери жолугушуунун катышуучуларына КР жеңил өнөр жайы тууралуу презетация өткөрүп, текстиль ишканаларынын өндүрүштүк потенциалы тууралуу маалымат берип, бул тармактагы инвестициялык долбоорлор жөнүндө айтып беришти.

Берилген маалыматтар жолугушуунун катышуучуларынын кызыгуусун жаратты. Тюмендик бизнес-чөйрөлөр ишкердик кызматташуу боюнча өз сунуштарын айтышты.

Ушул эле күнү Башкы консулдуктун кызматкерлери Тюмень облусундагы туристтик компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө «Кыргызстан – туризмдин өлкөсү» деген темада презентация өткөрдү. Жолугушуунун катышуучуларына жарнамалык буклеттер жана өлкөбүздүн туристтик жерлери боюнча колдонмолор таратылды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында жогоруда аталган багыттар боюнча кыргызстандык жана тюмендик ишкерлер менен туристтик компаниялардын ортосунда кызматташууну түзүү макулдашылды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK