Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайга барып келишти

178

Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында, 2023-жылдын 17-октябрында Башкы консулдуктун кызматкерлери Екатеринбург шаары боюнча Россиянын ИИМБ Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына (мындан ары - Борбор) барып келишти.

Иш сапардын жүрүшүндө мекендештер менен жолугушуулар өткөрүлүп, жолго чыгуу документтерин тариздөө жана соттун чечимине даттануунун тартиби боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Борбордо кармалып турган Кыргызстандын жарандары кармоонун шарттары боюнча эч кандай дооматтары жана даттануулары жок экенин билдиришти.

Маалымат үчүн: Учурда Россиянын аймагынан административдик чыгаруу боюнча соттун чечимдеринин күчүнө киришин күтүп, жалпысынан Свердлов облусунда жайгашкан Чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборлорунда Кыргыз Республикасынын 42 жараны кармалууда.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK