Ата-энесинин жана мыйзамдуу өкүлдөрүнүн камкордугусуз калган Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жараны Россиядан Кыргызстанга кайтарылды

357

Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Россия Федерациясынын аймагында мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кароосу жок калган 2006-жылы туулган жашы жете элек Кыргыз Республикасынын жараны Д.Б.ны репатриациялоо (кайтаруу) маселесин иштеп чыкты.  

2023-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкеринин коштоосунда Кыргызстандын жараны Д.Б. аба каттамы менен Мекенине кайтып келди.

Башкы консулдук аймактын компетенттүү органдарына 2002-жылдын 7-октябрындагы «Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө» Конвенциянын алкагында бала асырап алуу, камкорчулук жана көзөмөлдүк кылуу маселелери боюнча активдүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирет.

Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органы менен бирдикте Башкы консулдук Россия Федерациясынын Урал федералдык аймагында жана Пермь крайында ата-энесинин жана мыйзамдуу өкүлдөрүнүн камкордугусуз калган жашы жете элек Кыргыз Республикасынын жарандарын Мекенине репатриациялоо боюнча иштерин улантат. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK