Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Россия Федерациясынын Урал федералдык аймагында жана Пермь крайында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын активдери тууралуу атайын декларацияларын күбөлөндүрүү боюнча иштерди баштады
Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 364 “Атайын декларацияны берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, Россия Федерациясынын Урал федералдык аймагында жана Пермь крайында жашап жана эмгектенип жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын активдери тууралуу толтурулган атайын декларацияларын күбөлөндүрүү боюнча иштерди баштады.
Консулдук аймакта жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын көңүлүн Башкы консулдукта атайын декларацияны толтуруу жана күбөлөндүрүү жолу менен активдерин ыктыярдуу түрдө декларациялоо мүмкүнчүлүгү бар экендигине бурабыз.