Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлеринин Россия Федерациясынын Курган облусуна болгон иш-сапары тууралуу

195

2023-жылдын 25-27 - октябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россия Федерациясынын Курган облусуна консулдук иш-сапар менен барышты.

Анын алкагында Башкы консулдуктун кызматкерлери Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын Курган облусу боюнча башкармалыгынын №-1 (Курган шаары), №-2 (Кетовский району ст.Просвет) жана №-6 (Иковка кыштагы) түзөтүү мекемелерине барып, ал мекемелерде жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушууларды өткөрүштү.

Жолугушууларда Башкы консулдуктун кызматкерлери кыргызстандыктарга абактан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу, соттолгондорду Кыргыз Республикасына которуу жол-жоболорун, мекенге кайтууда документтештирүү тартибин жана аларды кызыктырган суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле соттолгон жарандардан түшкөн кайрылуулар боюнча Башкы консулдук тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилди.

Консулдук иш-сапардын алкагында Башкы консулдуктун кызматкерлери аталган мекемелердин жетекчилери менен сүйлөөшүлөрдү өткөрүшүп, анда Башкы консулдук менен түзөтүү мекемелердин администрациялары ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Маалымат үчүн: Учурда түзөтүү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын 19 жараны жазасын өтөп жатат.

Мындан тышкары, Башкы консулдуктун кызматкерлери Курган шаарында жашаган Кыргызстандын жарандары жана активистери менен жолугушуу өткөрүштү. Ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган кыргызстандык үй-бүлөгө барышты. Учурда аларды мекенге кайтаруу үчүн документтештирүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK