Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов менен Заманбап контейнерлер терминалы - «CIT-Терминал» Ачык Акционердик Коомунун Башкаруучусу Денисов Валерий Алексеевичтин жолугушуусу тууралуу.

3644

2019-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун Заманбап контейнерлер терминалы - «CIT-Терминал» Ачык Акционердик Коомунун Башкаруучусу Денисов Валерий Алексеевич менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ тараптардын соода-экономикалык кызматташуусун күчѳтүү боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл-чарба азыктарынын жана Свердлов облусунун кардарлар ичинде кеңири колдонулуучу товарларынын ѳндүрүүчүлѳрүнүн ортосунда тикелей байланыштарды ѳнүктүрүү жѳнүндѳ маектешүү болду.

Терминалдын Башкаруучусу Денисов В.А. контейнер терминалынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, аталган ишкана жүктѳрдү кабыл алуу, аларды сактоо, тандоо жана таркатуу иштерине, ошондой эле фитосанитардык документтерди тариздѳѳгѳ ар тараптан ылайыктуу жай экендигин маалымдады. Терминалдын Кыргызстандан келе турган товарларды бѳлүштүрүү иштерине карата атайын борбор уюштуруу мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгиледи. Атайын борбордун уюштурулушу аркылуу товар ташуучулардын жүктѳрдү тариздѳѳгѳ жана аларды Екатеринбургдун, Свердлов облусунун ири соода борборлоруна бѳлүштүрүүгѳ байланыштуу финансылык чыгымдарын азайтууга, убактысын үнѳмдѳѳгѳ шарт түзүлмѳкчү.

Башкы консул Р. Бийбосунов Кыргызстандын ѳндүрүүчүлѳрүнүн жана жүк ташуучуларынын аталган терминал менен кызматташуусунун механизмин жана ѳз ара иштешүүсүнүн Жол картасын иштеп чыгуу максатында кызыктар тараптардын жолугушуусун уюштурууну сунуштады.    

 

  • 2019-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун Заманбап контейнерлер терминалы - «CIT-Терминал» Ачык Акционердик Коомунун Башкаруучусу Денисов Валерий Алексеевич менен жолугушуусу болуп ѳттү.
  • 2019-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун Заманбап контейнерлер терминалы - «CIT-Терминал» Ачык Акционердик Коомунун Башкаруучусу Денисов Валерий Алексеевич менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK