2019-жылдын 2-ноябрында Екатеринбург шаарында КРнын Ѳкмѳтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы Ѳкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Жаркынай Галиеванын, Консул Нурлан Алымбековдун, «Инсан-Лейлек» Коомдук уюмунун жетекчиси Гульнара Дербишеванын Свердлов облусунда эмгектенип жүргѳн жрандар жана мекендештер менен жолугушуусу болуп ѳттү.

3595

2019-жылдын 2-ноябрында Екатеринбург шаарында КРнын Ѳкмѳтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы Ѳкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Жаркынай Галиеванын, Консул Нурлан Алымбековдун, «Инсан-Лейлек» Коомдук уюмунун жетекчиси Гульнара Дербишеванын Свердлов облусунда эмгектенип жүргѳн жрандар жана мекендештер менен жолугушуусу болуп ѳттү. Иш-чарага кыргыз диаспорасынын жетекчилери жана активдери дагы катышышты. 

Жолугушуунун алкагында коопсуз жана мыйзамдуу эмгек миграциясынын жолдору, иштѳѳ максатында Россияга жѳнѳп жаткан мигранттардын эмгек жана социалдык укуктарын коргоо, чет ѳлкѳгѳ чыгууга алдын ала даярдоо мүмкүнчүлүктѳрү, ошондой эле Кыргызстанда кала турган ѳспүрүм балдарга карата мыйзамдуу түрдѳ асыроо тариздѳѳ  тууралуу кеңири маалымат берилди.

Н. Алымбеков «Мекен-карт» тууралуу, ошондой эле консулдук суроолор боюнча жаңы киргизилген бир катар эреже/тартиптер тууралуу айтып берди. Акысыз негизде консулдук каттоо,  кээ бир консулдук кызматтар боюнча документтерди алыстан алдын ала тариздѳѳ, автоматташтырылган маалымат тутумун колдонуунун чет ѳлкѳлүк паспортторду даярдоодогу артыкчылыктары жѳнүндѳ маектешүү болду.

Мындан тышкары, спикерлер КРнын жарандарын Россияда жүрүү эрежелерин жана ѳлкѳнүн мыйзамдарын сактоого, кыргызстандыктар тууралуу дурус пикир калтырууга салым кошууга чакырышты.

Ж. Галиева КРнын жарандарынын укутарын коргоо ишине кошкон салымын баалоо  ирээтинде бир катар активист кыргыз мекендештерге, ал эми Н. Алымбеков жаш мекендештерге спорттогу жетишкендиктери үчүн ыраазычылык каттарды тапшырышты. 

  • 2019-жылдын 2-ноябрында Екатеринбург шаарында КРнын Ѳкмѳтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы Ѳкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Жаркынай Галиеванын, Консул Нурлан Алымбековдун, «Инсан-Лейлек» Коомдук уюмунун жетекчиси Гульнара Дербишеванын Свердлов облусунда эмгектенип жүргѳн жрандар жана мекендештер менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK