Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун Урал Соода-ѳндүрүш палатасынын президенти Беседин Андрей Адольфович менен жолугушуусу тууралуу

3406

Үстүбүздѳгү жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун Урал Соода-ѳндүрүш палатасынын президенти Беседин Андрей Адольфович менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды ѳнүктүрүү, ишкердик кызматташуу, ошондой эле аталган Соода-ѳндүрүш палатасынын чет ѳлкѳлүк мамлекеттер менен ѳз ара аракеттенүү боюнча эл аралык тажрыйбасынын мүмкүнчүлүктѳрүн иш жүзүндѳ колдонуу суроолору талкууланды.

Кыргыз тараптан ѳндүрүш тармагында Кыргызстан менен Свердлов облусунун ѳнѳр-жай ишканаларынын ортосундагы байланыштарды түзүү жана ѳз ара мамилелерди илгерилетүү, келечекте Екатеринбург шаарында Кыргызстан Соода үйүн ачуу зарыл экендиги белгиленип, бул багытта иштешүүнүн кадамдары сунушталды. Тараптар ишкерлер аралык алака түзүү жана видео-конференц-байланыш ыкмасын колдонуу ѳз ара аракеттенүүнүн ыңгайлуу жана пайдалуу багыты болуп эсептелээрин баса белгилешти.

 А. Беседин Урал аймагы менен Кыргызстандын аймактары жана ишканаларынын ортосунда ишкердик байланыштарды кеңейтүүгѳ жана бул багытта кызматташууну чыңдоого ар тараптан кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ даяр экендигин билдирди.  

  • Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун Урал Соода-ѳндүрүш палатасынын президенти Беседин Андрей Адольфович менен жолугушуусу тууралуу

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK