Урал мамлекеттик экономикалык университетиндеги жолугушуу

4169

2020-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун Урал мамлекеттик экономикалык университетинин Ректору Силин Яков Петрович менен жолугушуусу болуп ѳттү.

УрМЭУнин Ректору Кыргызстандын экономикалык жогорку окуу жайлары менен кызматташууну ѳнүктүрүүгѳ багытталган биргелешкен программалары жѳнүндѳ Башкы консулга маалымат берди: мисалы,  Кыргыз экономикалык унивеситети жана Ош техникалык университети аталды. Россиядагы аймактык алдыңкы экономикалык университетинде азыркы  учурда 56дан ашык чет өлкөлүк жаран бар. Студенттердин арасында Кыргызстандын 35 өкүлү окуйт.

Р.Бийбосунов, кыргыз-орус мамилелеринде билим берүү чѳйрѳсүнүн маанисин баса белгиледи жана Кыргызстандын  илимий жана билим берүү мекемелери менен болгон кѳп жылдык кызматташуусу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын окутуп, ѳлкѳбүздүн экономикасынын ар кайсы тармактарына карата адистерди даярдоосу үчүн  аталган окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Тараптар биргелешкен билим берүү жана илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу максатында жогорку окуу жайларынын кызматташтыгын улантуу жѳнүндѳ макулдашышты.

Р.Бийбосунов УрМЭУнун студенттери менен жолугушуу учурунда 2020-жылга мерчемделген  Кыргызстандын  Россияда, Россиянын Кыргызстандагы Кайчылаш жылынын алкагында ѳткѳрүлчү кыргыз-орус мамилелерин ѳнүктүрүүгѳ багытталган иш-чараларга даярдык кѳрүү тууралуу маалымат берип, Екатеринбургда болуучу эки ѳлкѳнүн жогорку окуу жайларынын ректорлорунун Экинчи форуму  жѳнүндѳ дагы айтып ѳттү. Башкы консул, ѳз сѳзүндѳ, Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеңиштин 75- жылдыгын майрамдоо темасына ѳзгөчө көңүл бѳлдү.

Башкы консул күзүндө өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоого кыргызстандык студенттерди жигердүү катышууга чакырды, жана жолугушунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK