Екатеринбург шаарында эмгек миграциясындагы аялдар жана эмгек мигранттардын балдарынын социалдаштырылышы тууралуу маселелер талкууланды

4272

2020-жылдын 4-мартында Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу жана Свердлов облустук «Кыргызстан - Урал» коомдук уюму тарабынан уюштурулган «Миграциянын аялдар жүзү. Мигранттардын балдарынын социалдаштырылышы» аталган Экинчи Эл аралык конференция өттү. Форум эмгек миграциясындагы аялдардын маселелерине жана алардын укуктук  жактан корголушуна жана жергиилктүү коомчулукка аралашууга, көнүгүүсүнө арналды. Ошондой эле бул жолугушуунун алкагында эмгек мигранттардын балдарынын мектептерде жалпы билим алуусу жана социалдык көнүгүүсү сыяктуу актуалдуу маселелер каралды.

Форумда Свердлов облусунун жана Екатеринбург шаарынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү, Москва жана Бишкек шаарындагы Миграция боюнча Эл аралык уюмдардын кеңселеринин жетекчилери, коомдук жана диаспоралдык уюмдардын өкүлдөрү, кыргыз жана россиялык эксперттер, алардын ичинде Россиянын жана Кыргызстандын шаарларынан келген жана башка дагы кызыкдар адистер катышышты.

Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республиккасынын Башкы консулу Руслан Бийбосунов өз сөзүндө форумдун алкагында каралып жаткан маселелер эмгек мигранттарды кабыл алуучу тарап катары Россия Федерациясы үчүн жана эмгек ресурстары чыгып жактан өлкөлөр, алардын ичинде Кыргыз Республикасы үчүн да актуалдуу экендигин белгилеп кетти. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын  27-февралында Москва шаарында эки мамлекеттин башчыларынын катышуусунда ачылган Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы Кайчылаш жылдын алкагында өтүп жаткандыгын да баса белгиледи.

Свердловск облусунун Ѳкмѳтүнүн жана Екатеринбург шаарынын башкармалыгынын атынан, форумдун катышуучуларына жылуу каало тилектер жаңырып, аны ийгиликтүү өткөрүүнү жана коюлган максаттарга жетүү каалоо айтылды.

Баардык докладчиктер, аялдардын 8-март Эл аралык күнү менен куттукташып, бул форумдун майрам алдында өткөрүлүүсү абдан маанилүү экендигин белгилешти.

Конференция экинчи жылы катары менен өтүүдө жана миграция тармагындагы маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуунун жана бул тема боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, эксперттик коомчулуктун жана диаспоралык уюмдардын катышуусунда сунуштарды иштеп чыгуунун өзгөчө бир аянтчасына айланып калды. 

Форум өзүнүн аянтын тартуулоо менен иш-чаранын ийгиликтүү уюштурулушу үчүн керектүү шарттарды түзүп берген Урал экономикалык университетинин колдоосу менен өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK