Екатеринбургдагы КР Башкы консулдугунун пресс-релизи

4556

2020-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Челябинск шаарында болуп, Челябинск облусунун губернаторунун орун басары Евдокимов Вадим Михайлович жана Челябинск облусунун Архивдер иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Иванов Сергей Михайлович менен жолугушту.

В.М.Евдокимов жана С.М. Иванов Р.Бийбосуновго 1942-1945-жылдары Челябинск облусунун ишканаларында эмгектик мобилизацияда болгон кыргызстандыктар жөнүндө архивдик материалдардын көчүрмөлөрүн беришти. Бул материалдар Кыргыз Республикасынын Екатеринбургдагы Башкы консулдугунун өтүнүчү боюнча топтолгон.  

Документтерди алып жатып, Башкы консул Р.Бийбосунов региондун жетекчилигине жана Челябинск облусунун архивдик кызматына тарыхый документтерге болгон аяр мамилеси үчүн, ошондой эле Түштүк Уралдын өнөр жай ишканаларындагы күжүрмөн эмгеги менен Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңишке жетүүгө өз салымын кошкон кыргызстандыктар жөнүндө материалдарды топтоо боюнча аткарылган чоң жумуш үчүн чын дилден ыраазычылыгын билдирди.

Челябинск облусунун Бириктирилген мамлекеттик архиви белгилегендей, Улуу Ата Мекендик согуш (УАМ) жылдары советтик өнөр жай жумушчулардын жетишсиздигине дуушар болгон. Буга байланыштуу өлкө жетекчилиги Орто-Азия аскер округундагы (ОААО) аскерге милдеттүүлөрдү мобилизациялап, алардын эмгегин курулушта жана өнөр жай ишканаларында пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алган. Ал мезгилде Кыргыз ССРинин аймагы да аталган округдун курамына кирген. ОААОгы эмгекке мобилизациялангандардын олуттуу контингенти Челябинск облусуна жөнөтүлгөн. Алардын алгачкы чакан топтору 1942-жылдын жаз-жай айларында ишканаларга келе баштаган, ал эми 1942-жылдын күзүндө жана 1943-жылдын жазында бул көрүнүш массалык мүнөзгө ээ болгон. 1943-жылдын сентябрында Челябинск облусунун 30га чамалаш ишканасында жалпысынан 20 000ге жакын Орто Азиядан эмгекке мобилизацияланган адамдар иштешкен, алардын 5 300дөн ашууну документтерге ылайык кыргызстандыктар болгон.

Колдонуудагы архивдик документтерде мобилизацияланган адамдардын улуту же кайдан келгендиги сейрек учурларда гана көрсөтүлгөн. Архивдин кызматкерлери документтердин арасынан аларда тизмектелген адамдардын улутун тастыктоого мүмкүндүк бергендерин гана тандап алышкан.

Андан тышкары, архивдин кызматкерлери тарабынан мобилизациялоо учурунда Кыргыз ССРинин аймагында жашап турган немис улутундагы 70 эмгекчи жөнүндө маалымат аныкталган.

Архивчилер Челябинск облусуна жөнөтүлгөн Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын (большевиктер) эки өкүлүнүн жеке партиялык  делосун таап чыгышкан. Алар - мекендештеринин эмгек ишмердигине жана жашоо шартына байланышкан маселелерди жөнгө салып турган Мамыт Усубалиев жана Бейшеналы Атаналиев болгон.

Табылган документтер Челябинск облусунун ишканаларына мобилизацияланган адамдардын оор жумушу жана күнүмдүк тиричилиги жөнүндө маалымдайт. Алар УАМ учурунда фронтко ок-дарыларды, аскерий техникаларды жөнөтүп, зарыл болгон нерселер менен камсыздап турушкан.

Р.Бийбосунов Архивдер иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы С.Иванов менен бирге Челябинск облусунун Бириктирилген архивинде болуп, региондун архивдик ишмердиги менен таанышты, кызматкерлерге кыргызстандыктар жөнүндө материалдарды топтоп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, региондун архивдик кызматынын жетекчилигине Башкы консулдуктун ыраазычылык каттары менен белектерин тапшырды.  

         Бул иш-чара Башкы консулдук тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоонун алкагында Улуу Жеңишти жакындатууга салым кошкондор жөнүндө тарыхий баракчаларды толуктоо жана эскерип жүрүү максатында аткарылды.

         Аталган материалдар Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Архивдик агенттигине андан аркы изилдоо учун жөнөтүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK