Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун Россиянын Урал федералдык аймагында жүргөн мекендештерге кайрылуусу

3957

Урматтуу мекендештер,

 

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, коронавирус илдети табылган учурдан баштап, 2020-жылдын 22-мартынан тартып, Кыргыз Республисынан аймагында өзгөчө кырдаал тартиби киргизилген. Илдетке чалдыккан жарандар өлкөнүн бир катар райондорунда жана шаарларында табылган.

Жарандардын жашоосун жана ден-соолугун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо, ошондой эле, коронавирус илдетинин өлкөнүн башка аймактарына жайылуусун алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде 2020-жылдын 25-мартынан 15-апрелине чейинки мөөнөткө Жалал-Абад, Ош, Бишкек шаарларында, Сузак, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал тартиби киргизилген.

Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалды жана жогоруда аталган аймактардагы өзгөчө кырдаал абалын комендаттык саат, карантин жана башка милдеттүү санитардык-эпидемияга каршы иш-чаралар, жарандардын кирүү-чыгуу эрежелеринин өзгөчөлөнүшү, мекемелердин иш тартибине, унаа кыймылына карата белгиленген чектөөлөр айгинелейт.

25-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти мекендештерге кайрылуу жасады. Мамлекет башчысы мекендештерди киргизилген убактылуу чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга, тартипти жана эрежелерди кыйшаюсуз аткарууга, санитардык-гигиеналык талаптарды так сактоого, медициналык кызматкерлерге ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан калктын коопсуздугун камсыздоо жана илдеттин жайылышын алдын алуу жана өлкөнүн жарандарынын арасында инфекцияга массалык түрдө чалдыгуусунан сактоо максатында ыкчам аракеттерди көрүү боюнча көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Чет өлкөлөрдөн келген жарандар карантинге алынууда. Көзөмөлдөгү же дарылануудагы жарандарга орундарынан өз алдынча чыгып кетүүгө тыюу салынган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери сыяктуу эле, Москва, Новосибирск шаарларына кирүү-чыгуу чартерлик каттамдарынан тышкары, эл аралык туруктуу аба байланыштарына чектөөлөрдү киргизүүгө мажбур болду. Ошону менен бирге, Россия Федерациясында үстүбүздөгү жылдын 27-мартынан тартып бардык эл аралык жана чартерлик аба-каттамдарына чектөөлөр киргизилди. Буга чейин Казакстан Республикасында жүргүнчүлүк темир-жол жана авто-унаа каттамдары, жарандарды орус-казак, казак-кыргыз мамлекеттик чек аралары аркылуу өткөрүү убактылуу токтотулган.

Учурдагы кырдаалды эске алып, Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги тарабынан чет өлкөлүк жарандардын убактылуу жүрүү мөөнөтүн 90 күнгө чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган  (эркин түрдө жазылган, негиздүү  себептери белгиленген арыздары аркылуу).  Ага ылайык:

-убактылуу жүрүү мөөнөтү Россиянын ички иштер органынын жакынкы бөлүмүндө, арызынын негизинде, миграциялык барагына белгилөө,  сүрөткө тартуу, чет өлкөлүк  жарандарды дактилоскопиялоо жолу менен узартылат;

-миграциялык барагы жок болгон учурда, анын көчүрмөсү берилет жана миграциялык каттоого тургузулат;

Россиянын ИИМи тарабынан чет өлкөлүк жарандарга карата, өлкөнүн аймагынан чыгаруу, депортациялоо, миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы  үчүн административдик чара колдонуулар, жоопко тартуулар болбойт.

Демек, Кыргыз Республикасынын жарандары Россиянын ИИМнин жогоруда аталган чечиминин шарттарынан пайдаланып, Россия Федерациясында жүрүү мөөнөтүн 90 күнгө чейин узарта алышат.

Жогоруда баяндалганга байланыштуу, Россиянын Урал Федералдык аймагында жүргөн бардык Кыргыз Республикасынын жарандарын, мекендештерди убактылуу чараларды түшүнүү менен кабыл алууну суранам.

Кырдаал калыбына келгенге чейин, Сиздерди сабырдуулукка, өзгөчө зарылчылыгы болбосо, Кыргыз Республикасына сапарга чыгуудан баш тартууга, өздүк гигиенаны сактоого, саламаттык сактоо органдарынын сунуштарын колдонууга, адамдар жыш топтолгон жайларга барбоого чакырам.

Азыркы жөнөкөй эмес кырдаалда бардык мекендештер жарандык жоопкерчилигин көрсөтүүсү, ынтымакташып, бири-бирине жардам берүүсү, туугандарынын жана жакындарынын ден-соолугун, жашоосун, бакубаттулугун сактоого кам-көрүүсү абзел. Биздин биримдигибиз жана ынтымагыбыз ар кыйынчылыктарга жана сыноолорго туруштук берүүгө   өбөлгө түзөт деп ишенем.

Баарыңыздарга чын ден-соолук жана рухий бекемдик каалайм!

 

Эң бийик каалоолор менен,

 

Кыргыз Республикасынын

Екатеринбург шаарындагы

Башкы консулу  Руслан Бийбосунов

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK