Россиянын Урал Федералдык округунда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маалымат

4466

Жарандардын ден-соолугун коргоону камсыздоо жана коронавирус инфекциясынын таралуу ыктымалдыгын болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу убактылуу негизде иштин өзгөчө режимине өтүүдө.

 

2020-жылдын 30-мартынан тартып Башкы консулдук Кыргыз Республикасынын жарандарын иш күндөрү 09.00дөн 13.00гө чейинки убакытта кабыл алат. Бул учурда жарандар кечиктирилгис маселелер боюнча гана кайрыла алышат.

 

13.00дөн кийин кабыл алуу жүргүзүлбөйт.

 

Мекендештерибизди өтө зарылдык болбосо Башкы консулдукка келбөөгө, балдары менен башка жакындарын ээрчитип албоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбоого, жеке гигиена эрежелерин сактоого жана саламаттык сактоо органдарынын сунуштамаларын карманууга чакырабыз.

 

Бардык суроолор боюнча Башкы консулдуктун кызматкерлеринин төмөнкү телефондору боюнча кайрылсаңыздар болот:

 

+ 7 (343) 223 68-15, 223-68-13, 227-39-39

 

+ 7 (932) 6021207

+7(967) 8545814

+7(932) 1257858

+7(991) 1987508

 

Башкы консулдук бул убактылуу чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK