Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун 2020-жылдын 29-апрелиндеги билдирүүсү

4289

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу социалдык түйүндөрдө Россиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын мамлекеттик чек аралары аркылуу автомобиль, жөө жана аралаш өткөрмө пункттары аркылуу өтүүгө болгон убактылуу чектөөлөр алынып салынгандыгы жөнүндө таралып жаткан маалыматтар ЧЫНДЫККА ДАЛ КЕЛБЕЙТ.

Бардык мекендештерибизди жалган кабарларга ишенбей, расмий бийлик органдарынын гана маалыматына таянууга жана убактылуу чектөөлөр алып салынганга чейин Кыргыз Республикасына баруудан баш тартып турууга чакырат.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK