Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун 2020-жылдын 27-майындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясынан мекенине жөнөтүү үчүн чартердик рейс уюштуруу жөнүндө пресс-релизи

3811

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Россия Федерациясынын Урал федералдык округунда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине жөнөтүү үчүн чартердик рейс уюштурулууда.

Рейсти 2020-жылдын 30-майында Екатеринбург шаарынан Ош шаарын көздөй “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы менен ишке ашыруу пландалууда.   

Бул рейс менен Кыргыз Республикасына кайтып барууга өтө муктаж болгон жарандар (оор дартка чалдыккандар, майыптар, улгайгандар, оор турмуштук жагдайга кабылган кош бойлуу жана кичине балалуу аялдар) жөнөтүлөт.

Жөнөй турган адамдардын тизмеси жарандардын кайрылууларын, ошондой эле Урал федералдык окуругунун региондору менен шаарларындагы кыргыз диаспоралык уюмдардын жетекчилеринин сунуштарын эске алып, андан тышкары буга чейин “Урал аба жолдору” авиакомпаниясынан сатып алган билеттери бар экендигине жараша түзүлөт. 

Билеттер рейстин датасына бир күн калганда “Урал аба жолдору” авиакомпаниясынын атайын белгиленген кассаларында макулдашылган тизме боюнча сатылат. Буга байланыштуу мекендештерибизге ортомчулардын Кыргызстанга жөнөтүү үчүн авиабилеттерди сатып алуу жөнүндөгү сунуштары менен кызмат көрсөтүүлөрүнөн баш тартуу сунушталат.   

Көңүл бура турган нерсе, азыркы тапта Урал федералдык округунда Кыргызстанга жөнөп кетүүнү каалаган 600дөн ашуун КР жарандары бар.  Аларды мекенине жөнөтүү боюнча иш-аракеттер улантылууда. Мекендештерди сабырдуу болууга, расмий мамлекеттик булактарда жарыяланган анык маалыматка гана таянып иш алпарууга чакырабыз.

         Кыргызстанга учуп кетүү маселесине байланышкан суроолор менен төмөнкү телефондор боюнча кайрылсаңыздар болот:

         +7 (343) 223-68-13

+7 (343) 223-68-15

+7 (343) 227-39-39.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK