Урматтуу мекендештер!

3660

2020-жылдын 15-июнунда Россия Федерациясынын Президентинин 2020-жылдын 18-апрелиндеги №274 “Жаңы коронавирустук инфекциянын (СОVID-19) андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуунун убактылуу чаралары жөнүндөгү” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизиүү тууралу 2020-жылдын 15-июнундагы №392 Жарлыгына кол койду. 

         Жарлыкка ылайык, 2020-жылдын 15-мартынан 15-сентябрына чейинки аралыкта чет элдик жарандар менен жарандыгы жок адамдардын Россия Федерациясында убактылуу болуу, убактылуу же туруктуу жашоо мөөнөттөрү, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдардын жүргөн жеринде же жашаган жеринде катталган мөөнөттөрү эгер көрсөтүлгөн мезгил ичинде аягына чыга турган болсо, убактылуу токтотулмакчы.

Ошентип, Россия Федерациясынын аймагында жүргөн жана документтеринин (каттоосу, миграциялык картасы, туруктуу жашоого уруксат кагазы ж.б.) жарактуу мөөнөтү 2020-жылдын 15-мартынан 15-сентябрына чейинки аралыкта аягына чыккан чет элдик жарандардын документтеринин жарактуу мөөнөтү автоматтык түрдө ушул жылдын  15-сентябрына чейин узартылат.

Аталган Жарлыкка ылайык, 2020-жылдын 15-мартынан 15-сентябрына чейинки мезгилде чет элдик жарандарга карата Россия Федерациясынын аймагында болуусу ылайыксыз экендиги, административдык чыгарып жиберүү, депортация, реадмиссия, буга чейин берилген убактылуу жашап турууга, бул аймакта жашоого убактылуу уруксат берүү кагаздарын, Мекендештерди көчүрүү мамлекеттик программасынын катышуучусунун күбөлүгүн жокко чыгаруу сыяктуу чечимдер кабыл алынбайт. Эгер мындай чечимдер 2020-жылдын 15-мартына чейин кабыл алынган болсо, аларды аткаруу көрсөтүлгөн мезгилге чейин токтотулат. 

Ошентсе да, убактылуу жашап турууга уруксат алуу, миграциялык карта алуу, картага белгилерди койдуруу, Мамлекеттик программанын катышуучусунун күбөлүгүн алуу максатындагы бардык кайрылуулар ИИМдин аймактык органдары тарабынан белгиленген тартипте каралмакчы.

Мында Россия ИИМи чет элдик жарандар менен жарандыгы жок адамдарга Россиянын ИИМинин аймактык бөлүктөрүнө өздөрүнө керектүү миграция жаатындагы документтерин тариздөөгө же мөөнөтүн узартууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн региондогу түзүлүп жаткан жагдайды эске алуу менен жана киргизилген чектөөчү эрежелерди милдеттүү түрдө кармануу менен кайрылуусу керек экендигин маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы

Башкы консулдугу

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK