Кыргызстандык мекендештерибиз жана Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери тарабынан топтолгон гуманитардык жардам жөнүндө

3848

2020-жылдын 7-июлунда «Манас» эл аралык аэропортуна кыргызстандык мекендештерибиз жана Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери тарабынан топтолгон гуманитардык жардам келип түштү.

Гуманитардык жардам Кыргызстандын медициналык мекемелерине арналган. Ал коронавирустук инфекция таралып жаткан мезгилде бейтаптарды дарылоо үчүн керек болгон медициналык дары-дармектер менен буюмдардан турат (кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлер, глюкометрлер, хирургиялык халаттар, чепчиктер, медициналык бахилалар).

Башкы консул Руслан Бийбосунов мекендештерге ушул жылдын 4-июлунда Башкы консулдуктун имаратында өткөн Свердлов облусунун кыргыз коомдук уюмдарынын лидерлери жана активисттери менен болгон жолугушуу учурундагы гуманитардык жардам уюштуруу жѳнүндѳ кайрылуусун колдоп ал ыкчам тартипте уюштурулганына ыраазычылык билдирди.

Башкы консулдук КР Акыйкатчысынын РФнын Урал федералдык окуругу боюнча коомдук башталыштагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Жыргалбек Белековго, Куттузбек Рахманбердиевге жана башка мекендештердин топторуна жеке каражаттарынын эсебинен зарыл болгон медициналык аппараттарды сатып бергени үчүн өзгөчө ыраазы.

Белгилей кетчү нерсе – аталган рейс менен, Мекениндеги кесиптештерине ѳз ыктыяры менен жардам берүү ниети менен кыргызстандык медицина кызматкерлери (бир дарыгер жана үч медайым) да кайтып келишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK