ШАЙЛОО 2020

3610

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 2-июлундагы №139 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган алдыдагы шайлоого даярдануу жана аны уюштуруу боюнча иш-чаралардын алкагында төмөнкүлөрдү маалымдайт:

1. КР шайлоо мыйзамдарына ылайык, КР аймагынан тышкары жашаган КР жарандарына алдыдагы парламенттик шайлоодо добуш берүүгө катышуу үчүн консулдук каттоого туруп, биометрикалык каттоодон өтүү керек.

РФ Свердлов, Челябинск, Тюмень, Курган облустарында, ошондой эле Ямало-Ненецк автономдук облусунда жашаган/жүргөн, буга чейин биометрикалык каттоодон өтпөгөн КР жарандары, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунда биометрикалык маалыматтарын берсе болот.

КР жараны жеке өзү кайрылып, же аралыктан кайрылуу аркылуу да консулдук каттоого тура алат. Жеке кайрылуу учурунда консулдук каттоого турнуу үчүн КР жаранынын улуттук (ID-карта), жалпы жарандык паспортун (чет өлкөгө баруу үчүн паспорт) көрсөтүү керек.

Аралыктан консулдук каттоого туруу үчүн КР жарандары жогоруда сөз болгон документтерди сканерден өткөрүп, толтурулган каттоо баракчасы менен бирге Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин расмий дарегине жөнөтүүгө укуктуу (kgconsulate.ekb@mfa.gov.kg)

Маалымдама: КР жараны жогоруда айтылган каттоо баракчасынын электрондук версиясын Башкы консулдуктун расмий сайтынан көчүрүп алып, толтуруп жөнөтүшү керек.

2. 2020-жылдын 8-июлуна чейин биометрикалык каттоодон өтүп, консулдук каттоого турган КР жарандары, шайлоочулардын алдын ала тизмесине автоматтык түрдө киргизилет.

3. КР жарандары 2020-жылдын 15-июлунан тартып (добуш берүү датасына 80 календардык күн калганда) шайлоочулардын алдын ала тизмеси менен www.tizme.gov.kg сайтынан, ал эми 2020-жылдын 25-июлунан тартып Башкы консулдуктан таанышып алса болот.

4. КР жарандары алдын ала тизме менен таанышкан учурдан тартып жашаган жериндеги шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясына №2 Форма боюнча арыз берүүгө укуктуу. (https://shailoo.gov.kg/media/askar/2020/03/10/2.pdf).

Мында шайлоочу биометрикалык идентификациялоо жол-жобосунан өтүшү керек.

КР жарандары жогоруда айтылган №2 Формадагы арызды 2020-жылдын 19-сентябрына чейин (добуш берүү күнүнө чейин 15 күндөн кеч эмес) берүүгө укуктуу.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK