2020-жылдын 4-декабрындагы пресс-релизы

2359

Екатеринбургдагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу 2020-жылдын 4-декабрында Уралдын борбор шаарынын Тарых аянтында, жыл сайын өткөрүлүүчү Рождество жармаңкесинин ачылышына катышты.

Салтка айланган жармаңкеге Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбургдагы өкүлчүлүгү, шаардын башкармарлыгы, чет мамлекеттердин консулдук мекемелери жана коноктор катышты.

Жармаңкеде Кыргызстандын Башкы консулдугу улуттук тамактарды, суусундуктарды жана башка даамдарды алып чыкты.

Өзүнүн сөзүндө Башкы консул Руслан Бийбосунов уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, улуттук тамактарын тартуулады жана аларды даярдоо салттарын айтып берди. Учурдан пайдаланып иш-чаранын бардык катышуучуларын келе жаткан Рождество жана Жаңы жыл менен куттуктады.

Жармаңкенин катышуучулары жана коноктору кыргыз ашканасынын тамактары менен суусундуктарынан тамшануу менен даам татышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK