Башкы консулу А.Айдарбеков Россия Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн мамлекеттик коомдук илимий-техникалык китепканасынын директору Ирина Лизунова менен жолукту

184

2023-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.Айдарбеков Россия Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн мамлекеттик коомдук илимий-техникалык китепканасына (РИА СБ МКИТК) барып, китепканын директору И.В.Лизунова менен жолугуштуу.

Жолугуушунун жүрүшүндө, тараптар Кыргыз Республикасынын китепканалары, илимий мекемелери жана окуу жайлары менен РИА СБ МКИТ китепканасы менен кызматташууну орнотуу, Кыргыз Республикасынын илимине жана маданиятына арналган иш-чараларды, алардын ичинде жарманкелерди, лекцияларды, китептердин презентацияларын, семинарларды биргеликте уюштуруу маселелери талкуулашты.

РИА СБ МКИТК директору И.В.Лизунова китепкананын Кыргыз Республикасынын Улуттук илимий академиясынын Борбордук илимий библиотекасы менен кызматташуу жөнүндөгу макулдашууга кол коюуга кызыкдар экендигин белгиледи.

А.Айдарбеков өз тарабынан Кыргыз Республикасынын китепканалары, илимий мекемелери жана окуу жайлары менен РИА СБ МКИТКнын байланыштарды кеңейтүүдө, Бишкек жана Новосибирск шаарларынын китепканаларынын өкүлдөрүнүн китепкана ишине арналган илимий иш-чараларда жана конференцияларда өз ара катышуу жана кызматташууну камсыз кылган макулдашууларды түзүүдө Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, РИА СБ МКИТКда бар болгон енисейлик кыргыздардын тарыхы жөнүндөгү илимий жана тарыхый маалымат булактары менен алмашуу жана ушул темага арналган өзүнчө изилдөө иш-чараларын уюштуруу маселелери талкууланды.

Маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө максатында, Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен ушул жылдын октябрь айында Кыргызстандын тарыхы, маданияты жана адабияты жөнүндө туруктуу иштөөчү көргөзмө ачуу тууралуу макулдашылды.

Маалымат үчүн: РАИ СБ МКИТК – Россиядагы эң байыркы китепканаларынын бири, универсалдуу профилдеги илимий китепкана. Китепкана өз ишин 1918 – жылы Москвада, Новосибирскте-1958-жылдан баштаган.

РИА СБ МКИТК - көлөмү боюнча бүгүнкү күндө өлкөдөгү жана дүйнөдөгү эң ири китепканалардын катарында турат -10 миллиондон ашык басылма. Бул илимий, өндүрүштүк-техникалык жана окуу адабияттарынын бай жыйнагы, ар бир төртүнчү басылышы – чет тилинде. Ал Сибирдин илим, өнөр жай жана маданият маалыматтык жактан камсыз кылуу боюнча жетектөөчү ролун таандык. Фонддун көлөмү жана РАИ СБ МКИТКнын ишинин негизги көрсөткүчтөрү боюнча россиялык улуттук (Санкт-Петербург ш.) жана Россиялык мамлекеттик (Москва ш.) китепканалар менен салыштырууга болот.

  • 2023-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.Айдарбеков Россия Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн мамлекеттик коомдук илимий-техникалык китепканасына (РИА СБ МКИТК) барып, китепканын директору И.В.Лизунова менен жолугуштуу.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK