Башкы консул А.Айдарбеков жана Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейинин директору Ж.Бакашова РИА СБ МКИТК директору И.Лизунова менен үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү

176

2023-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугун көмөгү менен, Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейинин директору Ж.К.Бакашова жана Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.Айдарбеков, Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн мамлекеттик коомдук илимий-техникалык китепканасынын (РИА СБ МКИТК) директору И.В.Лизунова менен үч тараптуу жолугушуу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейи менен РИА СБ МКИТКнын ортосундагы эки мамлекеттин китеп маданиятын изилдөө боюнча илимий-изилдөө долбоорлорун биргелешип ишке ашыруу туралуу кызматташууну орнотуу жана 2024-жылдын январына чейин кызматташуу жөнүндөгү Келишимине кол коюу маселелери талкууланылды.

Тараптар илимий делегациялардын өз ара сапарларын уюштурууга кызыкдар экендиктерин билдиришти, атап айтканда, кыргыз илимий делегациясынын 2024-жылдын мартында Новосибирск шаарында өтө турган "LIBWAY-2024" эл аралык конференциясына катышуусу жана Сибирь илимий делегациясынын 2024-жылы КРнын Мамлекеттик тарых музейинин эл аралык конференциясына катышуу маселелери талкуулады.

РИА СБ МКИТК директору И.В.Лизунова, китепкана  өзүнүн диссертациялык кеңеши жана аспирантурасы бар экенин маалымдап, билим берүү жана илимий чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын студенттерин РИА СБ МКИТКнын «китепкана, библиография жана китеп таануу» багыттары боюнча аспирантурага кабыл алуу жолу менен кызматташтыкты  сунуштады.

Новосибирск шаарында Кыргызстандын тарыхына арналган илимий-популярдуу лекцияларды Кыргыз Республикасынан чакырылган лекторлордун катышуусу менен өткөрүү маселелери талкууланды.

Кыргыз тарыхы менен адабиятынын кызматташтыгын мындан ары бекемдөө жана кеңейтүү жана кеңири жайылтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу 2024-жылы, РИА СБ МКИТКда Кыргыз Республикасынын бурчун ачууга көмөк көрсөтүү жолу менен "Орто Азиянын маданият борбору" долбоорун ишке ашырууга катышаары макулдашылды.

Мындан тышкары, РИА СБ МКИТКнын директору И.В.Лизунова менен КР УИАнын Борбордук илимий библиотекасынын жетекчилиги менен жолугушуу уюштурулуп, жакын арада эки илимий китепкананын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим түзүү маселелери талкууланды.

  • 2023-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугун көмөгү менен, Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейинин директору Ж.К.Бакашова жана Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.Айдарбеков, Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн мамлекеттик коомдук илимий-техникалык китепканасынын (РИА СБ МКИТК) директору И.В.Лизунова менен үч тараптуу жолугушуу өттү.
  • 2023-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугун көмөгү менен, Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейинин директору Ж.К.Бакашова жана Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.Айдарбеков, Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн мамлекеттик коомдук илимий-техникалык китепканасынын (РИА СБ МКИТК) директору И.В.Лизунова менен үч тараптуу жолугушуу өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK