“Барар жерим жок” аттуу Кыргыз Республикасынын жаранына карата Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарда тараган маалымат боюнча билдирүү

2084

2022-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарында күйөөсү тарабынан ырайымсыз мамилеге кабылып, көчөдө калган Кыргыз Республикасынын жараны А.Рыскелдиева тууралуу маалыматтар тарай баштаган.

Аталган факты боюнча КРнын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан 1993-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Рыскелдиева Айнура менен ыкчам байланышка чыгып, учурда эч кандай көйгөйү жок экенин билдирген. Ошол эле учурда, балдары менен жашап жаткан Анталья шаарында батирди ижарага алып, кийин Түркияда жүрүүнү мыйзамдаштырып, бул жакта калууну көздөп жатканын айткан.

Күйөөсү С.Ы.га карата Кепез күзөт бөлүмүнүн үй-бүлө маселелери боюнча бөлүмүнүн буйругу менен жаран А.Рыскелдиевага кайрылууга бир айга сот тыюу салынган.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу Түркияда жашап турууга уруксат алуу жана мыйзамдаштыруу боюнча консулдук-укуктук жардам көрсөтүп, ошондой эле А.Рыскелдиев менен туруктуу негизде телефон байланышын жүргүзүп жаткандыгын билдирет.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK