Бүгүн, 2022-жылдын 31-октябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Г.Баатырова менен Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкованын жолугушуусу болуп өттү.

1399

Жолугушууда Башкы консул Л.Сыдыкова министрге Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн түрк клиникаларында дарылануунун абалы жана шарттары тууралуу маалымат берип, Башкы консулдуктун бул багыттагы иштери боюнча, атап айтканда, консулдук укук жактан колдоо көрсөтүү сыяктуу жана Кыргыз Республикасынын студенттерине Түркиянын ооруканаларында ординатурадан өтүүгө жардам берүү боюнча иштер белгиленди. Ошону менен бирге ал Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагына инвестиция тартуу боюнча консулдук мекеменин иши тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, дарыланууга келген Кыргыз Республикасынын жарандарынын динамикасы тууралуу маалымат берип, Башкы консул эки тараптуу кызматташуунун күн тартибине Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркиядагы ооруканаларда бекер дарылоого квоталардын санын көбөйтүү маселесин киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде КР Саламаттыкты сактоо министри Г.Баатырова КР жарандарын мамлекеттик ооруканаларда дарылоо жана Түркиянын билим берүү мекемелеринде адистерди даярдоо боюнча саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун күн тартиби тууралуу маалымат берди. Ал саламаттыкты сактоо системасынын артыкчылыктуу милдеттерине кыскача токтолду, атап айтканда, Кыргызстандын медициналык мекемелеринде дарылоо жана адистерди даярдоо үчүн шарттарды жакшыртуу.

Жолугушуунун жыйынтыгында Башкы консул Л.Сыдыкова саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, атап айтканда, Түркиянын билим берүү мекемелеринде адистерди жана дарыгерлерди даярдоо маселеси боюнча ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK