Кыргыз Республикасынын Башкы Консулдугу "Air Arabia" менен биргеликте Кыргыз Республикасынын экономикалык дипломатиясын жана туристтик потенциалын өнүктүрүү максатында жаңы авиакаттамдарды ачуу жана Кыргыз Республикасынын сунушталган туристтик багыттардын тизмесине кириши 2022-жылдын 20-февралында Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа эмиратынан Кыргызстандын Ош шаарына жаңы түз авиакаттам ачылгандыгын расмий түрдө жарыялады.

1943

Графикке ылайык, G9 886 рейси Airbus A320 учагы менен "Шарджа" эл аралык аэропортунан жума жана жекшемби күндөрү саат 21:45те (жергиликтүү убакыт боюнча) учуп,"Ош" эл аралык аэропортуна жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:15те (жергиликтүү убакыт боюнча) конот.

G9 887 рейси "Ош" эл аралык аэропортунан дүйшөмбү жана ишемби күндөрү саат 04:25те (жергиликтүү убакыт боюнча) "Шарджа" эл аралык аэропортуна карай саат 18:25те (жергиликтүү убакыт боюнча)конот.

"Air Arabia" жүргүнчүлөрдүн сапарынын ар бир этабында, ден соолуктун жана коопсуздуктун эң жогорку стандарттарын ишке ашыруу үчүн БАЭде аныкталган Covid-19дан акысыз камсыздандыру болоорун белгиледи. "Air Arabia" каттамдары боюнча саякатчылар, кошумча документтерди көрсөтпөстөн, брондоо учурунда автоматтык түрдө кошуларын белгиледи.

Маалымат үчүн: "Air Arabia" 2009-жылдын 9-сентябрында "Шарджа" Эмиратында, БАЭде негизделген жана баш кеңсеси "Шарджа" Эмиратында жайгашкан, жүргүнчүлөрдү ташуу рыногунда иш алып барган арзан авиакомпания болуп саналат. Авиакомпания 2019-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын борбору Бишкекке биринчи рейсин ачты.

https://www.emaratalyoum.com/.../2022-02-03-1.1594421...

https://www.albayan.ae/.../tourism/2022-02-03-1.4361620...

https://gulfbusiness.com/air-arabia-launches-new-direct.../

  • Кыргыз Республикасынын Башкы Консулдугу
  • Кыргыз Республикасынын Башкы Консулдугу
  • Кыргыз Республикасынын Башкы Консулдугу

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK