Урматтуу мекендештер жана чет өлкөлүк жарандар!

2826

Урматтуу мекендештер жана чет өлкөлүк жарандар!

Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын 2021-жылдын 8-июнунда кабыл алынган чечимине ылайык, Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясын алып келүүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин Алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилгендигин маалымдайбыз.

Тактап айтканда, мекендештер, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасына келгенге чейин акыркы 72 саат ичинде жасатылган ПЦР - тестинин жыйынтыктарын же коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө боюнча документ (күбөлүк) тапшырышы керек.

Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине жана Кыргыз Республикасынын аймагында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын кызматкерлерине дагы тиешелүү.

Белгиленген талаптар төмөнкүлөргө жайылбайт:

- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы чакырган мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын расмий делегацияларынын мүчөлөрү;

- 5 жашка чыккан балдар, жана Кыргыз Республикасына шайлоо процесстерин көзөмөлдөө үчүн бара турган эл аралык байкоочулар.

Күтүлбөгөн жагдайлардан же учуунун узактыгына байланыштуу себептерден улам ПЦР тесттин натыйжаларынын белгиленген мөөнөтү 72 сааттан ашып кетсе, мекендештер, чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Манас аэропортундагы лабораториядан ПЦР - тест тапшырышы абзел.

Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар - 2021-жылдын 19-июнунан тартып күчүнө кирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK