Ушул жылдын 11-16-августуна чейин Башкы консулдук жалгыз бой энелердин "Эне Эмгек" кайрымдуулук фондунун 13 майып баласына Дубай шаарына саякат уюштурду.

2848

Ушул жылдын 11-16-августуна чейин Башкы консулдук жалгыз бой энелердин "Эне Эмгек" кайрымдуулук фондунун 13 майып баласына Дубай шаарына саякат уюштурду.

Аталган меймандар Шарджадагы «Sahara Resort» мейманканасында күнүнө 3 маал тамагы жана транспорту менен камсыздалып, Дубай шаарында маданий программа менен экскурсиялар уюштурулду, ошондой эле Дубайдын аэропортунда тозуп алуу жана узатуу камсыздалды.

Андан сырткары, балдардын аткаруусундагы концерт уюштурулуп, ага Дубайда жашаган мекендештер катышты. Концерттин аягында балдарга белектер тапшырылды.

"Эне Эмгеги" аттуу жалгыз бой энелердин кайрымдуулук фондунун директору Индира Сыдыкова балдардын коомдук активдүүлүгүн калыбына келтирүү жана колдоо үчүн БАЭге баруу мүмкүнчүлүгүнө чын дилинен ыраазычылыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK