Президент Садыр Жапаров БАЭнин жаңы Президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга БАЭ Президенти шейх Халиф бин Заед Аль Нахайяндын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

1303

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) барды, ал БАЭ Президенти шейх Халиф бин Заед Аль Нахайяндын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жеке көңүл айтты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан БАЭнын жаңы Президенти Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга, башкаруучу үй-бүлө мүчөлөрүнө жана Эмират элине БАЭнин Президенти шейх Халиф бин Заед Аль Нахайяндын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу чын жүрөктөн көңүл айтты.

Садыр Жапаров шейх Халиф бин Заед Аль Нахайяндын БАЭнин туруктуу өнүгүүсүнө жана гүлдөшүнө кошкон зор кызматын жана салымын белгиледи.

Аны менен бирге Мухаммад бин Заед Аль Нахайанды Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти кызматына кириши менен куттуктады.

  • Президент Садыр Жапаров БАЭнин жаңы Президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга БАЭ Президенти шейх Халиф бин Заед Аль Нахайяндын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK