2022 жылдын 7 июнунда Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Тимур Абдижалил Аль-Касимия университетинин президенти Жамал Салем Аль Турейфи, жана университетинин ректору жана эл аралык байланыштар боюнча директору доктор Закария профессор Ауд Аль Халаф менен жолугушту.

1744

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен БАЭнин Шарджа Эмиратынын ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин, кийин Кыргызстандын университеттери менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү менен кыргызстандык студенттердин квотасын көбөйтүүнү талкуулашты.

Иш сапардын алкагында Башкы консул Аль-Касимия университетинде билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушуп, Кыргызстан менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди жемиштүү өнүктүрүүгө себеп болгон араб тилин үйрөнүүнүн жана билүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиленди. Жолугушууда тараптар студенттер менен биргеликте Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүнүн алкагында Аль-Касимия университетинде Кыргызстандын маданият күнүн уюштурууну макулдашты.

Маалымат катары: Аль-Касимия мамлекеттик университети 2013-жылы Шарджа Эмиратынын Улуу Даражалуу доктор Султан бен Мухаммад Аль-Касимиянын жарлыгы менен негизделген. Жогорку билим берүү жана изилдөө боюнча алдыңкы окуу жый болуп саналат. Ошондой эле академиялык билимди жогорулатуу боюнча өз иш-аракеттерин жүргүзөт, жана бүткүл дүйнө жүзү боюнча студенттерди жана изилдөөчүлөрдү өзүнө тартат.

  • 2022 жылдын 7 июнунда Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Тимур Абдижалил Аль-Касимия университетинин президенти Жамал Салем Аль Турейфи, жана университетинин ректору жана эл аралык байланыштар боюнча директору доктор Закария профессор Ауд Аль Халаф менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK