2022-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Дубай жана Түндүк Эмираттардагы Башкы консулдугу Мекендештер менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата футбол боюнча мелдешин уюштурду.

1220

Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Тимур Абдижалил куттуктоо сөзүндө Мекендештерди жана турнирдин катышуучуларын келе жаткан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, биргелешип, уюштуруп  катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирди. 
Андан сырткары, Эгемендүүлүк күнү Кыргызстандын эң маанилүү жана негизги майрамдардын бири болушун белгилеп, бул турнирдин БАЭде жашаган мекендештерге атайын арналганын кошумчалап айтып кетти.  
Сыйлоо аземине атактуу спортчулар, БАЭнин бодибилдинг боюнча дүйнө чемпиондору чакырылган.  
P.S. Видеону БАЭдеги биздин мекендешибиз даярдаган 
Жылдызбек @husband_wife.kg 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK