2022-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Дубай жана Түндүк Эмирликтериндеги Башкы консулу Тимур Абдижалил Дубайда 90 өлкөдөн 5000 компаниянын катышуусунда өткөн дүйнөдөгү эң ири технологиялык “GITEX GLOBAL” көргөзмөсүнө барып, заманбап технологиялар менен таанышты. Белгилеген технологиялар БАЭнин жеке жана мамлекеттик органдары тарабынан БАЭ калкына онлайн кызматтарды ийгиликтүү сунуштайт.

957

Жолугушуунун жүрүшүндө ар түрдүү мамлекеттик органдары тарабынан көрсөтүлүүчү бир катар электрондук кызматтар каралды, ошондой эле БАЭ менен Кыргыз Республикасынын ортосунда заманбап технологияларды колдонуу менен санариптештирүү тармагында тажрыйба алмашууну уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө .

Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу «GITEX GLOBAL» жана «DXB-Live DWTC» уюштуруучуларына жылуу кабыл алган меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирет, ошондой эле БАЭни көргөзмөнүн ийгиликтүү өтүшү менен куттуктайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK