Соода-экономикалык кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу мамиле

Кыргызстан менен АКШнын соода-экономикалык кызматташтыгы Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алкагындагы макулдашуулар менен жөнгө салынат жана эң жагымдуу режим менен колдонулат. 1998-жылы АКШ Конгресси Кыргызстанга соода мамилелеринин нормалдуу режимин көрсөтүү тууралуу мыйзам кабыл алган. («Джексон-Вэник» түзөтүүлөрүнөн алынды).

АКШ Кыргызстандын эң ири он соода өнөктөшүнүн катарына кирет. Эки өлкөнүн бизнес-чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө максатында, 2016-жылдан тартып, «General Electric», «AGCO» и «Baker Mckenzie LLP» сыяктуу ири америкалык компаниялар негиздөөчү болуп эсептелген Америка-Кыргыз Ишкерлер кеңеши иштейт.

Кыргыз Республикасы менен Канаданын ортосундагы эки тараптуу мамиле

Соода-экономикалык чөйрөдөгү кыргыз-канада кызматташтыгы негизинен кен казуу тармагына багытталган. Канада тарабынын «Кумтөр» (Кыргызстан) алтын кениндеги жигердүү иштеринен улам, Канада Кыргызстандын ири чет өлкөлүк инвестору болуп эсептелет, ал эми Кыргыз Республикасы Борбор Азия регионундагы Канаданын ири өнөктөшү катары эсептелет.