Нотариалдык маселелер
Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилиги өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде нотариалдык иш аракеттерин жүргүзөт. Өзгөчө элчилик Кыргыз Республикасында ишеним көрсөтүүчүнүн атынан укуктук иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн ишеним каттарды жана арыздарды тастыктайт.
Нотариалдык иш аракеттер Кыргыз Республикасынын Вашингтон шаарында жайгашкан элчилигинде кайрылуучунун өздүк катышуусу менен төмөнкү документтердин негизинде ишке ашырылат.
- Фамилия, аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефонун, электрондук дарегин толук көрсөткөн жана керектүү нотариалдык документти сураган кайрылуу.
- Кайрылуучунун Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту.
- Ишеним көрсөтүлүп жаткандын Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү.
- Суралып жаткан документтин түрүнө жараша төмөнкү документтер талап кылынат:
– Жашы жети элек баланы чет өлкөдө коштоп жүрүү учурунда, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн жана жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү.
– Кыймылдуу же кыймылсыз мүлктөрдү башкарууга укук берип жаткан учурда каралып жаткан мүлккө укугун далилдеген документтер (техпаспорт, үй китепчеси, авто унаанын техпаспорту, сатуу-алуу келишими ж.б.у.с).
- Консулдук акы 10 АКШ долларын түзөт жана “Embassy of the Kyrgyz Republic” наамына жазылган money order түрүндө кабыл алынат.
Маанилүү маалымат:
Кайрылгандардын ыңгайлуулугу үчүн ишеним кагазын даярдоого алгачкы арызы kgconsulate.washington@mfa.gov.kg электрондук дареги аркылуу кабыл алынат. Бул жол аркылуу кайрылуучу ишеним каттын текстин алдын ала Консул менен макулдашып жана кол койгонго келер күнүн/убактысын белгилеп алса болот.