Кыргыз Советтик Социалистик Республикасынын биринчи Тышкы иштер министри Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгы

4735

Бүгүн 2020-жылдын 15-июнунда Кыргыз Советтик Социалистик Республикасынын биринчи Тышкы иштер министри Күлүйпа Кондучалованын туулганына 100 жыл толду.

К. Кодучалова 1920-жылы 15 июнунда Кыргыз ССРдин Аламүдүн районун Кара-Жыгач айылында туулган. Эмгек ишмердигин педагог катары баштаган. 1943-жылы жогорку жетекчиликти ээлеген кыргыз айымдардын бири болуп Москва шаарында Жогорку партиялык мектептин катышуучусу болуп келген. 1953-жылдын 25 июлунда Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары болуп бекитилген. Ошол эле жылдын 12 октябрында Кыргыз ССРдин Тышкы иштер министри болуп дайындалган.

К. Кондучалова министрликти жетектеген мезгилде Тышкы иштер министрлиги эгемендүү Кыргызстандын келечектеги дипломатиясынын негизин түзгөн. Мына эми 28 жылдан бери Кыргыз Республикасы көзкарандысыз тышкы саясат жүргүзүп келе жатат.

К.Кодучалованы «Тянь-Шаньдын темир айымы» деп атап калышчы. 22 жыл бою К. Кодучалова КССРдин Маданият министрлигин жетектеген. Министрликти жетектеп жүргөн кезде Бүбүсара Бейшеналиеванын, Улан Сарбагишевдин жана Артык Мырзабаевдин жылдыздары ачылган. Замандаштар ошондой эле К. Кондучалова менен кинодо өзгөчө «Кыргыз кереметинин» туулушу менен байланыштырышат. Ошол мезгилде Кыргызстандын гана эмес, бүткүл дүйнөнүн адабий олимпиясынын чокусуна Чынгыз Төрөкулович Айтматов чыкты.

2010-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И. Отунбаеванын Жарлыгы менен Кыргызстандын мамлекетине жана эл алдында өзгөчө эмгеги үчүн К.Кондучалова «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер, КССРдин биринчи Тышкы иштер министри жана легендарлуу мурунку К Маданият министри, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмерин туулган күнүн утурлай Кыргыз Республикасында «Кулуйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты» жумалыгы жарыяланды.

Жумалыктын алкагында Кыргыз Республикасында Күлүйпа Кондучалованын Кыргыз маданиятынын өнүгүп өсүшүнө жана калыптанышына кошкон салымдарын чагылдырган атайын түз эфирлер, онлайн-көргөзмөлөр, маданий иш- чаралар уюштурулду. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK