2022-жылдын 13-14 – майында Чолпон-Ата шаарында «Issyk-Kul ITF-2022» Эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке өтөт

3306

2022-жылдын 13-14 – майында Чолпон-Ата шаарында  Эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке «Issyk-Kul ITF-2022» өтөт.

Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда өтүүчү «Issyk-Kul ITF-2022» Эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке учурунда туристтик фирмалардын, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн жана башка туризм тармагында иштеген уюмдардын товарлары жана кызматтары менен тааныша алышат, ошондой эле этно оюндарга, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстарына катышып,кечки маданий программаны көрө алышат.

«Issyk-Kul ITF-2022» көргөзмө-жарманке бул эл аралык туристтик компаниялар, туроператорлор жана агенттиктер, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын, авиакомпаниялардын, мейманканалардын, ташуу жана медиа секторунун өкүлдөрүнүн жыл сайын чогултакан иш-чара болупа саналат.

Issyk-Kul ITF - 2022 эл аралык көргөзмө-жарманкесинин максаты - өлкөнүн туризм тармагын калыбына келтирүү жана аны андан ары өнүктүрүү, түрдүү өлкөлөрдүн туристтик бизнесинин ортосунда ишкердик байланыштарды түзүү, туризмдин потенциалын дүйнөлүк рынокто жылдыруу, чет элдик туристтерди эс алууга жана ден-соолугун чыңдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туризм секторуна инвестиция тартууга көмөктөшүү.

Иш-чаранын алкагында тегерек столдор жана B2B жолугушуулары өткөрүлөт, анда туризм чөйрөсүндө көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана туристтик потенциалды көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү каралат, тараптар өздөрүнүн келечектүү долбоорлорун, өнүмдөрүн жана кызматтарын көрсөтө алышат, Кыргыз Республикасынын туризм тармагындагы уникалдуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныша алышат. 

Бул көргөзмөгө катышууга туристтик агенттиктердин жетекчилери жана адистери, чет өлкөлүк инвесторлор, туризм индустриясынын рыногунун эксперттери, ЖМК өкүлдөрү,  пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, мейманканалардын, авиакомпаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле чет элдик коноктор жана өнөктөштөр чакырылган. 

Кошумчалай кетсек, ITF -2022 эл аралык туристтик көргөзмөсүнө келген коноктор улуттук эстрада ырчыларынын катышкуусу менен боло турган концертти көрө алышат.

Иш-чаранын негизги уюштуруучулары – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Туризм департаменти, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Кыргызстандын курорттор ассоциациясы.

Толук маалымат алуу үчүн: +996 552 457 200 номери, itf.issykkul@gmail.com электрондук дареги аркылуу Айжамал менен байланышыңыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK