АКШнын Мамлекеттик департаментинде Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Болот Отунбаев Ишеним грамотанын кɵчүрмɵсүн тапшырды

4482

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Болот Отунбаев 2019-жылдын 28-февралында АКШнын Мамлекеттик протоколунун орун басары К.Хендерсон айымга Ишеним грамотанын кɵчүрмɵсүн тапшыруу аземи болду. Ошондой эле бул аземге Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысынын кызматын убактылуу аткаруучу Т.Вайда, Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысынын кызматын убактылуу аткаруучу Э.Пума, ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаментинин Борбордук Азия жана Түштүк Азия Бюросунун Борбордук Азия бɵлүмүнүн башчысы М.Муди катышты.

Америка тарап Б.Отунбаевди Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси болуп жаңы кызматка дайындалышы менен жылуу куттукташып, ошондой эле ийгиликтерди каалашты.

Жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча кызматташууну бекемдөө жана жалпы тармактар боюнча мамилелерди ɵнүктүрүүгɵ эки тарап даярдыгын белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK